Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков дары-дармектерге болгон баа маселесин бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрдү. 

Айтымында, "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасын ачышканда анда дары-дармектердин баасы жеке менчик дарыканаларга караганда 50 пайыз арзан болоорун айтышкан. 

"Бааны ким көзөмөлдөйт? Мамлекеттик дарыканалардын жеке менчиктен айырмасы болбой калды", - деди ал. 

ФОМС жетекчиси Азамат Муканов жана саламаттыкты сактоо министринин орун басары эмне үчүн мындай болуп жатканын түшүндүрүшкөн жок.