Бүгүн, 27-ноябрда Талас шаарында жаштар арасында адеп-ахлактык баалуулуктарды, үй-бүлөлүк каада-салттарды туура колдоо жана мажбурлап никеге турууну болтурбоо боюнча иш-чара өттү. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чара президенттин жана министрлер кабинетинин көрсөтмөлөрүн ишке ашыруу максатында уюштурулду
Ага Талас шаарынын мэриясынын кызматкерлери, облустук казыяттын өкүлдөрү, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, студенттер жана окуучулар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жаштарга руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктардын мааниси тууралуу баяндалып, үй-бүлөлүк салтанаттарды тартипке келтирүүнүн зарылдыгы, мажбурлап никеге туруунун терс кесепеттери жана мыйзам алдында жоопкерчиликтери жөнүндө маалымат берилди.