26-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин жыйыны Жогорку Кеңештин депутаттарынын, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин жыйынынын модератору Медербек Алиев иш-чара "Аялдарга жана кыздарга карата гендердик зомбулукка каршы жигердүү иш-аракеттердин 16 күнү" компаниясынын алкагында уюштурулганын белгиледи. Ал укуктарды коргоо, ошондой эле коомдун бардык чөйрөлөрүндө гендердик теңчиликтин негизинде аялдар менен кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаатындагы маселелерди белгиледи.
Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Джамиля Исаева куттуктоо сөзүндө бул жыйын дүйнөлүк коомчулук аялдарга карата зомбулукту жоюу үчүн күрөштүн эл аралык күнүн белгилеп, "Активдүү аракеттердин 16 күнү" глобалдык компаниясын өткөрүп жаткан маанилүү учурда өтүп жатканын баса белгиледи. "Зомбулукка каршы 16 күн" акциясы дүйнө жүзүндөгү коомдук уюмдарды, өкмөттөрдү жана жарандарды аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту токтотуу үчүн бириктирет. Аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулук дүйнөдөгү эң кеңири таралган жана коркунучтуу адам укуктарынын бири бойдон калууда. Бул багытта биздин өлкөнүн жетекчилиги тарабынан аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча конкреттүү чаралар көрүлүп жатат", - деп белгилеген Джамиля Исаева, Кыргызстанда аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндө кабыл алынган мыйзамдык чараларга көңүл бурду.
Төраганын орун басары Кыргызстан статусуна, улутуна жана жашына карабастан ар бир аял жана бала тийиштүү түрдө корголушу керек болгон коом түзүүгө умтуларын баса белгиледи. "Биз күч-аракетибизди, тажрыйбабызды жана көз карашыбызды бириктирип, аялдардын жана балдардын коопсуздугуна коркунуч келтирип, алардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген мындай аракеттерге туруштук берип, бөгөт кое алабыз", - деп белгиледи Джамиля Исаева.
БУУ системасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве, "БУУ-Аялдар" түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран Жогорку Кеңештин укуктарды коргоо, аялдарга карата зомбулуктун алдын алуу, аларды коргоо боюнча тиешелүү мыйзамдык чараларды кабыл алуу чөйрөсүндөгү маанилүү ролун белгилешти.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Сеидбек Атамбаев республикадагы аялдарга карата зомбулук тууралуу статистикалык маалыматтарга көңүл буруп, аялдарды зомбулуктан коргоо маселеси эң маанилүү экенин баса белгиледи. Ошондой эле, ал анча оор эмес кылмыш жасаган аялдарга карата пробация колдонуу сунушун кароо керектигин кошумчалады. Депутат Гүлшаркан Култаева ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын 80% аялдар түзгөн жеке ассистенттеринин жана кенже техникалык персоналдарынын укуктарын коргоо менен социалдык кепилдиктерди берүү жаатындагы маселелерди көтөрдү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин жыйынынын катышуучулары аялдар, тынчтык жана коопсуздук жөнүндө 1325-Резолюциянын алкагындагы иш-аракеттердин мониторингинин жыйынтыктарын, мамлекеттик бюджетти түзүү жана аткаруу процесстерине гендердик мамилелерди киргизүүнүн механизмдерин жана сунуштарын карашып, ошондой эле Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө Эл аралык эмгек уюмунун №190 конвенциясынын "Эмгек чөйрөсүндө зомбулукту жана куугунтуктоону жоюу жөнүндө" жоболорун колдонуу боюнча кабыл алынган мыйзамдык чараларды талкуулашты.