Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгери КМШ өлкөлөрүндөгү эң мыкты онкологдордун катарына кирди. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти. 

Маалыматка караганда, Россиянын балдар онкологдор жана онкогематологдор коомунун “Россияда балдар онкологиясын жана гематологиясын өнүктүрүүнүн актуалдуу көйгөйлөрү жана перспективалары – 2024” деген темада конгресси болуп өттү.

Бул форумда Кыргызстандын атынан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун үч дарыгери – Султан Стамбеков (онлайн), Жанна Камбарова жана Раушан Идирисовалар оффлайн режиминде катышты.

Постердик сессияда кыргызстандык дарыгерлер доклад менен катышып, жалпысынан 61 баяндама угулду.

Конкурстук комиссия кыргызстандык Жанна Камбарованын докладын эң мыкты деп тапты. Ал мыкты баяндама үчүн сыйлыкка ээ болду. Конференцияга КМШ өлкөлөрүнүн, ДСУнун өкүлдөрү жана чет элдик коноктор катышты.