“Элдик Банк” ААК менен И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин кызматташуусунун алкагында университеттин тарыхында алгачкы заманбап коворкинг-борбор ачылды.
Коворкинг-борбор окуу жайы гана болбостон, банк менен университеттин биргелешкен билим берүү долбоорлору үчүн аянтча катары кызмат кылат. Негизги демилгелердин катарында студенттердин банк тармагына байланышкан реалдуу кейстерге катышуусу каралган. Ал эми эң активдүү жана таланттуу студенттер үчүн “Элдик Банкта” практика жана стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
“Элдик Банк” университеттин базасында мындай долбоорду ишке ашырган алгачкы банк болуп калды. Биз жаштардын жана инновациялардын өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн долбоорлорду колдоону улантып, студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга жана билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө умтулуп жатканыбызды дагы бир жолу тастыктап жатабыз.
- Категория: Коом
- Просмотров: 124