Бүгүн, 26-ноябрда Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү хирург Мамбет Мамакеевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты.
Иш-чарада жалпы кыргыз элине, Мамбет Мамакеевдин замандаштарына, шакирттерине жана үй бүлөсүнө Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан көңүл айткан Нурланбек Азыгалиев маркумдун жасап кеткен иштери тууралуу да учкай кеп кылды.
“70 жыл эл үчүн кызмат кылып, улукмандын жолун улаган жаратман инсан катары тарыхта калды. 97 жылдык өмүрүндө 30 миңден ашуун операция жасап, 100 миңге жакын бейтапка консультация берген Баатырдын эмгеги эч качан унутулбайт” – деген Нурланбек Азыгалиев Мамбет Мамакеевди кыргыз медицинасынын атасы деп баса белгиледи.
Ошондой эле Мамакеевдин мектеби саламаттыкты тармагына бурулуш жасаганын айткан Төраганын орун басары: “Баатыр атабыз артында опол тоодой эмгек калтырып, жүздөгөн шакиттерди тарбиялап чыгарды. Хирургиялык билимди модернизациялоо жана хирургиялык кызматты өркүндөтүү аркылуу аталган багыттагы Улуттук программаны иштеп чыкты”, – деди.
Муну менен катар маркумдун коомдук-саясий иштерге да активдүү катышканын эске салган Нурланбек Азыгалиев анын Кыргыз ССР Жогорку Советинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин бир нече чакырылыштарынын депутаты болгонун кошумчалады.
Эскерте кетсек, кыргыздын кадырлуу аксакалы Мамбет Мамакеев 24-ноябрда 97 жаш курагында акка моюн сунду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өзү өмүр бою иштеп, ысымы ыйгарылган Улуттук хирургия борборунда өттү. Сөөгү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине коюлду.