Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачева Бишкек шаарында жайгашкан Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган маарекелик иш-чарага катышты.

Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдымомунов атындагы драма театрында уюштурулган салтанатта мектеп жамаатын 100 жылдык маарекеси менен куттуктаган комитет төрайымы Винера Раимбачаева: “Мындан ары да жигердүү эмгектенип, өрнөктүү билим берүү мекемеси катары тармактын өнүгүшүнө салым кошо бериңиздер”, – деген тилегин билдирди. 

Муну менен катар алдыңкы агартуучуларга Жогорку Кеңештин атынан сыйлыктарды тапшырды.

Эскерте кетсек, аталган мектеп 1924-жылы ишин баштаган.

Бул мектеп-гимназиядан кыргыздын белгилүү драматургу Мар Байжиев, медицина илимдеринин доктору Мирсаид Миррахимов, Кыргыз  эл артисти Марьям Махмутова сыяктуу бир  катар белгилүү инсандар билим алган.