Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунун сапатын текшере турган компания жок. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев маалымат жыйынында билдирди.
Айтымында, Кыргызстан турак жайларды эксплуатацияга берүү боюнча рекорд койду, 2023-жылы 1,6 млн чарчы метр берилген, ал эми 1990-жылдары 1,5 чарчы метр аянт бир жылда колдонууга берилчү.
"Бирок ага карабай, бүгүнкү күндө турак жайлардын негизги массасы советтик курулуштар, ошондуктан турак жай фондун жаңылоо зарыл. Ооба, негизги курулуш массасы совет учуруна туура келет, бирок биз ушуну менен токтоп калбашыбыз керек. Советтик учурда курулгандар 50-70 жылга эсептелген, алардын убактысы бүтө баштады", - деди Орунтаев.
Айтымында, башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда үйлөрдүн сапатын текшерген башкаруу компаниялары жок. Мисалы, Россияда жана Казакстанда башкаруу компаниялары бар, алар өздөрү тейлейт жана сырткы каптоодон баштап сантехникага чейин көзөмөлдөйт.
Ал белгилегендей, а бизде ТСЖ менен гана чектелебиз, бул эмненидир оңдоп же лампочкаларды алмаштыруу үчүн акча чогулткан үй комитети.