"Кыргызстанда совет доорунда курулган көп кабаттуу үйлөрдү бузуу сүйлөшүү этабында турат", - деп билдирди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев маалымат жыйынында.

"Реновация программасы аркылуу 1950-1960-жылдары курулган "сталинка" жана "хрущевка" деп аталган бир нече кабаттуу үйлөрдү биринчи кезекте буздурабыз. Биз азыр сүйлөшүү этабындабыз, толук бекитилген программа азырынча жок. Муну кийинки жылдан тарта ишке ашырууну пландап жатабыз”, - деди Орунтаев.

Айтымында, эскилиги жеткен үйлөрдүн сейсмологиялык туруктуулугу жок. Учурда Реновация тууралуу мыйзам долбоору иштелип жатат.