Бүгүн, 26-ноябрда Барпы Алыкулов жана Жайыл баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде чыгыштан батышты көздөй катуу ылдамдыкта келе жаткан "Мерседес Бенц" үлгүсүндөгү жеңил унаа №23 автобус менен сүзүшкөн. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Жол кырсыгынын кесепетинен 8 адам жабыркап, алардын бешөө автобустун жүргүнчүлөрү болсо, үчөө жеңил унаанын жүргүнчүлөрү болгон. Жабыркагандар ооруканага жеткирилди.

Окуя болгон жерде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери иштеп жатат. Алдын ала маалыматтарга таянсак, унаанын айдоочусу жол эрежесин бузган.