Кечээ, 25-ноябрда Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев мамлекеттик ишмер, советтик жана россиялык дипломат Кулматов Кеңеш Нурматовичке Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы – “Даңк” орденин тапшырды.
Бул тууралуу КР ТИМ билдирди.
Анда айтылгандай, буга чейин президент Садыр Жапаров Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдык мааракесин белгилөөгө байланыштуу Кеңеш Кулматовду Кыргыз Республикасынын тышкы саясатына кошкон олуттуу салымы үчүн “Даңк” ордени менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Элчи Бөкөнтаев мамлекет башчысынын куттуктоо сөздөрүн айтып, Кеңеш Кулматовдун дипломатиялык кызматтын калыптанышындагы жана өнүгүшүндөгү баа жеткис ролун, ошондой эле дипломатиялык кадрлардын жаш муунун тарбиялоого кошкон салымын ыраазычылык менен белгиледи.
Өз кезегинде Кулматов президент Садыр Жапаровго ыраазычылык сөздөрүн жеткирүүнү өтүнүп, өлкө жетекчилигинин күч-аракетин жана Кыргызстанда элдин бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаларды жогору баалап, Кыргызстандын мындан аркы гүлдөп-өнүгүшүн каалады.