Бүгүн, 25-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Айсулуу Мамашова, Нилуфар Алимжанова, Аида Исатбек кызы, Бахридин Шабазов.
Жыйында баяндама жасаган комитет төрайымы Винера Раимбачаева белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети саламаттыкты сактоо жаатындагы өсүп жаткан чакырыктарга жана Кыргызстандын жарандарына ишенимдүү жана сапаттуу медициналык жардамды камсыз кылуу зарылдыгына байланыштуу, колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү.
Тактап айтканда, мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилерин жеке клиникаларда бир убакта жумушка орноштурууга тыюу салууну киргизүү сунушталууда.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору депутаттардан келип түшкөн сунуштарын эске алуу менен экинчи окууда жактырылды.
Андан тышкары, жыйында «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда колдоого ээ болду. Сунушталган мыйзам долбоорунун максаты өрт өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү жаатындагы милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн өрттөн куткаруу бөлүктөрүнүн өздүк курамынын даярдык деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.