Депутат Акбөкөн Таштанбеков айыл чарба министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиевден декларациясын кантип толтурганы тууралуу сурады. 

Белгилесек, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында  «Кыргыз Республикасында 2024-жылы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министирлигинин маалыматы тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышы жөнүндө маалымат угулду. 

"Салык декларацияңызда жерлериңизди, малдарыңызды көрсөттүңүзбү, эгер бар болсо?" - деп сурады депутат. "Эмне үчүн сурап жатам? Өткөн жылы айрым аткаминерлердин декларациясын карап көрдүм. Алар жылкыларын жана малдарын миллион сомго сатып салдык деп жазып жатышат. Салыктан качыш үчүн алар декларациясына факт жүзүндө жок нерсени көрсөтүп коюшат. Кирешени алар башка жол менен алышат. Чынында өлкөбүздө декларацияда көрсөтүлгөндөй сандагы мал жок", - деди депутат. 

Министрдин орун басарынын айтымында, анын аары кармаган жайы болгон, бирок өткөн жылы аны сатып, ордуна батир сатып алган.