УКМК төрагасы милиция кызматкерлери тууралуу айтып жатып, көбү кызматтык милдетин толук кандуу аткарып, элге кызмат кылып жатканын, бирок арасында мыйзам бузган милиция кызматкерлери да жок эместигин билдирди. 

Ал мындай көрүнүштөрдү, бир гана милициядагы эмес, бардык тармактагы - жок кылуу керектигин, ушундай тапшырманы президент койгонун белгиледи. 

"Сен форма кийдиңби, ага татыктуу бол! Эгер мамлекет сага укук коргоо органынын мүчөсү катары кабыл алып, ыйгарым укук бердиби, милдетиңди аткарууга бардык аракетиңди жаса, бул сенин башкы тапшырмаң. Бааны эл берет. Силерди көрүп, ар бир кыргызстандык: "Бул менин милициям, ал мени коргойт", - деп айткыдай болсун. Адамдар милицияга кайрылып, акыйкат таба турганына ишенгидей болсун", - деди Ташиев. 

Ошондой эле, ал милиция кызматкерлерин мыйзамсыз иш-аракеттерден алыс болууга чакырды: 

"Ачык айтып коеюн, эмненидир көрбөй, билбей, бул жерде камера жок деген милиционерлер бар. Ар бир мыйзам бузуу менен сен өзүңө гана эмес, сени менен чогуу иштешип жаткан кесиптешиңе да зыян келтирип жатканыңды бил. Мындай болбошу керек. Мен силерди айыптагым келбейт, бирок силер мамлекет жана эл үчүн мыйзам чегинде иштешиңер керек. Бир дагы кылмышкер жазасыз калбасын, ошондо өлкө өнүгөт. Бири бириңерге жардам бергиле, бирок кесиптештериңердин мыйзамсыз иштерине көз жумбагыла", - деди Камчыбек Ташиев.