УКМК төрагасынын атына жазылган сырдуу кат боюнча ар кандай пикирлер, божомолдор жазылып, андан саясат да жасап жиберишти эле. Бирок бир нерсе, каттын К.Ташиевди коркутуу иретинде жазылганы факт болчу. Эми минтип адамдын жүзүн аныктоочу видео камералардын жардамы менен ал сырдуу каттын автору кармалды.
Ыкчам-издөө жана техникалык иш-чаралардын комплексин жүргүзүүнүн натыйжасында мурда эки жолу соттолгон, аскердик учкуч билими бар, кийин Ооган чек арасында чектелген аскердик контингенттин курамында кызмат өтөп, аскердик тажрыйба жана конспирация көндүмдөрүнө ээ болгон КР жараны «Ж.А.С.» аныкталды. Ошол эле учурда 1994-жылдан тартып «Ж.А.С.» КРнын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөгөн. Тергөө-оперативдүү тобу тарабынан «Ж.А.С.»-нын жогоруда аталган анонимдүү коркутуу каттын автору экендиги белгилүү болду.
Тергөөнүн жүрүшүндө «Ж.А.С.»нын узак убакыт бою жогоруда белгиленген акцияга даярдык көрүп, өзгөчө оор кылмыш жасоого катыштыгын жашыруу үчүн атайын шарттарды түзүү боюнча иш-чараларды пландаштырганы анык болду. Ошону менен бирге анын деструктивдүү күчтөргө тиешеси бар экени да аныкталды. Учурда ал камакка алынып, тергөө-иликтөө иштери башталды.
Эми тергөө-иликтөө иштери анын катты өзүнүн "чыгармачылыгы" менен даярдадыбы же артында башка күчтөр турабы, так аныкташы зарыл.
Мирлан Дүйшөнбаев, журналист