Кыргызстанда бүгүн, 25-ноябрдан тарта мобилдик банкинг аркылуу акча которууларга комиссия алынбай турганын Улуттук банк билдирди.

Анда айтылгандай, комиссиядан бошотуу 2024-жылдын 25-ноябрынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

Комиссия алууга тыюу салуу жеке адамдар тарабынан банктардын жана төлөм уюмдарынын мобилдик тиркемелери, ошондой эле интернет-банкинг аркылуу жүргүзүлгөн которууларга тиешелүү.

Төлөм терминалдары аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөргө комиссия алууга тыюу салуу жайылбайт.

Комиссия алууга тыюу салуу Кыргызстандын ичинде сом менен акча которууларга, анын ичинде Кыргызстандын коммерциялык банктары тарабынан чыгарылган эл аралык төлөм системаларынын банктык төлөм карталарына которууларга да тиешелүү.

Комиссия алууга тыюу салуу улуттук валютадагы акча которууларга гана тиешелүү. Чет элдик валютадагы акча которууларга жайылбайт.