Кечээ УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев энесинен калган үйдү чоочун адамдарга тарттырып жиберип, аргасы кеткенден жардам сураган эки кызды кабыл алып, маселесин ыкчам чечим берген.
Бул социалдык тармактардын колдонуучуларынын абдан чоң ыраазычылыгын жаратты.
Колдоонучулар ата-энеден жаш калып, эми минтип акыйкатсыздыктын таландысында калган кыздардын таламын талашканы үчүн УКМК төрагасына батасын да беришти, алкышын да айтышты. Айрыкча, "кыздардын маселеси чечилгенин угуп көзүмө жаш алдым, ыйладым" дегендер көп.
Айта кетчү нерсе, азыр Камчыбек Ташиев мамлекеттеги башкы кызмат даражаларынын бирин ээлеп, акыйкат издеген жарандарга кызматтык милдетинин чегинде кол сунуп жаткан болсо, буга чейин, деги эле Камчыбек Ташиев деген ысым коомчулукка таанылгандан тартып анын ар кыл жааттагы кайрымдуулугуна күбө болуп келүүдөбүз. Кайрымдуулук, боорукердик канында, дилинде, тилегинде болгону үчүн учурда ар бир кайрылууга тез реакция жасаган бийлик өкүлүнө айланды.
Бул боюнча ЭлТР телеканалы даярдаган сюжеттен таанышсаңыз болот.