22-ноябрь күнү Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинин аймагында жаңыдан курулган эки футболдук оюн аянты ачылып, колдонууга берилет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалыматка караганда, аталган оюн талааларын куруу иштери апрель айында жүргүзүлө баштаган. Оюн талаасынын бири олимпиадалык стандарттарга жооп берген чуркоо аянтчасы менен жабдылса, экинчисинде көрүүчүлөр үчүн трибуна курулду.
Эске салсак, Республикалык спорттук колледжи алдында иштеген футболдук атайын бар, анда 2009-жылкы таланттуу 23 оюнчу тарбияланууда. Команда эми колледждин базасында машыгууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.