Кечээ, 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында уюштурулган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. 

Жыйында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн алакаларын арттырууга байланышкан чечимдерди ишке ашыруу тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкка тиешелүү маселелер талкууланды.

Муну менен катар Улуу Жеңиш майрамын белгилөөгө арналган иш пландар боюнча сунуш-пикирлер айтылды. 

Андан тышкары жыйында Кеңештин төрагасын шайлоо маселеси каралып, аталган кызматка Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федералдык Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко шайланды. 

Бүгүн Төрага КМШ ПААнын 57-пленардык жыйынына да катышып, баяндама жасары күтүлүүдө.