Бүгүн, 21-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармак аркылуу өзүнө кайрылган эки кызды кабыл алды. 

Маалым болгондой, бир тууган кыздардын - Максатбекова Асель (2004-жылы төрөлгөн) жана Максатбекова Асыл (2021-жылы төрөлгөн) Бишкек шаарындагы Чимкент көчөсү - 41 дарегинде жайгашкан үйүн - ал үй энеси Давлетова Н.Т.дан мураска калган - мыйзамсыз бирөөлөр тартып алганын айтышкан. 

Белгилей кетсек, кыздардын энеси 2023-жылы оорудан, атасы 2005-жылы жол кырсыгынан каза тапкан. 

Давлетова Н.Т. аталган даректеги үй боюнча 2001-жылы үй ээси Сапегин Н.Т. (2021-жылы каза тапкан)  менен бир нече жылдын ичинде сатып алуу боюнча келишим түзгөн. 2008-жылы 3 миң долларга (114000 сомго) сатып алынганы мамлекеттик нотариус тарабынан тастыкталган. Бирок Мамлекеттик каттоого жөнөтүлгөндөн кийин белгисиз себептерден улам катталбай калган, бирок архивинде аталган келишим бар болуп чыккан. 

Сапегин В.И.нин өлүмүнөн кийин анын үйүн мураскер катары аялы менен кызы талашып баштаган: Сапегина Н.В. жана Карнилова И.В. Аталган жарандар тийиштүү документтерди каттап, мураскер укугун алышкан дагы, үйдү КР жараны Акыбанова К.Ж.га сатып жиберишкен. Ал эми аталган Абыканова кыздарга келип үйдү бошотууну талап кылган. 

Камчыбек Ташиев кыска убакыттын ичинде Максатбековалардын турак-жай маселесин КР мыйзамына ылайык чечүүнү тапшырды. Анда кыздардын жашоо абалы эске алынышы керектигин белгиледи. 

Белгилей кетсек, бул жерде Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан одоно ката кеткен. Анткени, алар юридикалык тийиштүү документти убагында реестрге катташкан эмес. 

"Ошондой эле, кыздардын үйүнүн жанында курулуп жаткан курулуш компаниясы менен кыздарга 3 бөлмөлүү эки батир бөлүп берүү боюнча да сүйлөшүү жүрдү. Кабыл алынган чечим УКМК төрагасы тарабынан көзөмөлгө алынат", - деп айтылат маалыматта.