Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин айтымында, ушул жылдын аягына чейин мамлекеттик ипотека аркылуу 2200 үй-бүлө батир менен камсыз болот.
"Кыргызстанда мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 42 миңге жакын батир куруу пландалып жатат. Ушул жылдын 10-декабрына чейин алгачкы батирлер берилип, аларды электрондук кезекте тургандар жана үлүштүк курулушка катышкандар алышат.
Мугалимдерге, чыгармачыл адамдарга жана дарыгерлерге батир кайсы гана даректе жайгашпасын чарчы метри 650-750 доллардан 25 жылга берилет", - деген Туманбаев бирок батирлердин баасы жайгашкан жерине карап 150-200 доллар айырма болушу ыктымалдыгын белгиледи.