Жогорку Кеңеште регламент бар, ага баарыбыз баш ийишибиз керек. Мындай пикирин депутат Жанар Акаев парламент жыйынында билдирди.
Айтымында, депутаттардын кимдир бирөө тушоо тойго же жолугушууга бара турган болуп калса эле, шайлоочулардын кайрылууларын жарыялаган "ар түрдүү маселелер" бөлүгүн жокко чыгарууну адат кылып алышты.
"Ушундай начар адатка өттүк. Мындан баш тартышыбыз керек", - деди депутат.
Ошондой эле ал олуттуу мыйзам долбоорлор айрым учурда гана бир нече окуудан өткөрүлүшү керек. Ал эми учурда жөнөкөй мыйзам долбоорлор деле "шашылыш" белгиси менен дароо 2-3 окуудан өткөрүп жиберилет.
"Жай отуруп талкуулаганга мүмкүнчүлүк жок. Баарыбыз, анын ичинде мен дагы ушундай кылам. Ушундай эле нерсе президенттен да, МинКабдан да болууда. Мындай практиканы жокко чыгарууга чакырам", - деди Акаев.