Кечээ УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге белгисиз бирөөдөн флешкага сакталган катты почта аркылуу алганын билдирген. Ал катта УКМК төрагасын коркутуу жана талап орун алган.
Ташиевдин айтымында, президент Садыр Жапаровго эки жолу кол салуу даярдалган, ал эми өзүнө 5-6 жолу, баарын тилекке жараша, өз убагында алдын алууга мүмкүн болгон.
Белгилегендей, ал өтүп бараткан жолду жардыруу пландалган. Ошондой эле ал каттан ал айрым чет өлкөлүк атайын кызматтардын жана кайсы бир олигархтардын почеркин тааныган.
"Мага сунуштаган миллионду мен алган жокмун. Сиздерди кыязы биздин өлкөдө криминалитет да, олигарх да болбой турганы кыжырлантты окшойт. Эгер сиздер мени жок кылсаңыздар, ал өзүңөргө кайтат. Балким, зыян келтире албайсыздар. Мен тирүү турганда баштаган жолумдан кайтпайм", - деди Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында.