Бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге белгисиз бирөөдөн почта аркылуу флешкага сакталган кат алганын маалымдаган.
Ал кат орус тилинде жазылган жана кыргызчага которгондо толук мазмуну мындай болду:
"Саламатсызбы.
Мен сиздердин өлкөгө келгенимден бери ушул убакыттын ичинде чалгындоо иштерин жүргүзүп, бардык жетекчилер жана чиновниктер боюнча маалыматтарды чогултуп, эгер биз кагылышсак эмнелерге даяр болушубузду билиш үчүн алардын деңгээлин жана билимин изилдей баштадым. Сиздердин чиновниктер жана алардын кызматкерлери менен сүйлөшкөндө мен өзүмдү дайыма журналист-жазуучу катары көрсөтчүмүн. Анткени, мен өзүмө керектүү маалыматты акы төлөө жолу менен оңой эле чогулттум, бирок маалыматты кайра-кайра текшерүүдөн жадабай, маалыматтын татаалдыгына жараша бир тапшырманы эки же үч адамга берип, кийин тапшырманы аткарууда күтүлбөгөн жагдайлар болуп кетпеши үчүн акчаны аяган жокмун. Андан кийин ал алынган маалыматтын тактыгын жана аныктыгын салыштырдым. Түштүккө, ал жактагы сиздин кичи мекениңизге бардым, абдан кооз жер экен, мага абдан жакты, ал жакта сиз жөнүндө жакшы гана сын-пикирлерди айтышты, эл менен болгон баарлашуулардан кийин сизге болгон көз карашым жана оюм өзгөрө баштады. Ошондой эле бардык жетекчилердин үй-бүлө курамын жана силердин үй-бүлө мүчөлөрүн, алар кайда, кайсы шаарларда, айылдарда жашаарын, эмне иш менен алектенерин, кайда барарын, үй-бүлөсүнүн санын, курамын изилдеп көрдүм, кыскасы, майда-чүйдөсүнөн бери калтырбай өтө кылдат изилдедим.
Күч структурасынын курамындагы жетекчилердин, ошондой эле облус, район жана айыл жетекчилеринин туугандары тууралуу маалыматтарды аныктап бүтөөрүм менен ар бир жетекчиге өзүнчө кат жөнөтүлдү. Анда катты ачыкка чыгарбоо талап кылынган жана эгерде митинг күнү элге каршы күч структурасынын жеке курамын чыгара турган болсо, анда абдан катуу жана катаал жазаланары же балдары, аялы, ал көбүрөөк кабатыр болгон жакындары жабыркаары айтылган. Биз сизди жана сиздин жакындарыңызды аңдып жүргөндө баарын байкап, кокус окуя ошол тарапка айлана турган болсо, кимге кантип сокку уруу керектигин тактап койгонбуз.
Катты алгандан кийин айрымдары өзүн көрсөтүүгө аракет кылышты, бирок биз аларды дароо ордуна койдук. Катты тараткандан кийин биз баарын чар тараптан аңдууга алганбыз, каражатты аяган жокпуз, бул жактан бизге мурдагы кызматкерлер жардам беришти, ачыгын айтканда алар эмне себептен аңдуу иштерин жасап жатышканын да билишкен жок, анткени абдан жакшы төлөп бердик жана аларды да аңдып, артынан байкоо салдык, ошондуктан тил укпагандарды өз убагында ордуна коюп коюуга дараметибиз жетти. Кол алдыңыздагылардан түшүнүк катты алышканы тууралуу сурап көрүңүз, бирок баары бирдей жок деп жооп беришээри бышык. Кол алдыңыздагылардын көбү өзүнүн креслосун сактап калуу үчүн сизге жалган маалыматтарды жеткирип алдайт.
Сизге чейин биз катты бардык күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине жана бардык негизги түзүмдөрдүн, бөлүмдөрдүн жетекчилерине таратканбыз, сиз эң акыркы болуп алдыңыз, анткени биз башка аткаминерлерди байкап көрүшүбүз керек болчу.
Сиздин катаңыздын себеби, мага кыска убакыттын ичинде бардык күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин, мисалы сиздердин шаардагы УКМК менен ИИМдин жетекчилерин, бардык башчылардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн бир алаканга топтоого жардам бердиңиз. Эми ойлоно бериңиз, ээликкен атты ооздуктоого караганда , укук коргоо кызматкерлеринин жакындарын ур-токмокко алуу оңой болот. Менде учуп жүрүүчү жана сойлоп жүрүүчү оюнчук кебетеленген жардыруучу заттар жетиштүү, биз бул оюнчуктардын баарын ушул жерден, жергиликтүү базардан сатып алдык.
Келечекте күч структурасынын бардык кызматкерлерин шаар боюнча бөлүп койгула жана эч убакта аларды бириктирбегиле, бул менин сунушум.
Мен сиз жөнүндө маалымат топтоп жүргөнүмдө карапайым жарандар, бизнесмендер жана жогорку даражалуулар менен да баарлаштым.
Сизди жамандаган адамдардын баары алар уурулар, киши өлтүргүчтөр, элди тоноп, элге таандык байлыктын баарын кайра сатышкандар. Мен мунун баарын маалымат чогултуу учурунда билдим. Алар ач көздүгүнүн жазасын тартып жатышат.
Бирок жөнөкөй эл сизди жана сиздин Кыргызстан келечекте Европадай гүлдөгөн өлкөгө айлансын деген саясатыңызды колдошот. Эл аябай кыйын учурда аларга жардам берип жатканыңызды макташууда, менде сизге каршы барууга сөз жок, канчалык сизди тереңден казган сайын ошончолук сизге болгон көз карашым жакшы жагына өзгөрүүдө.
Канчалык сиздин саясатыңызга үңүлгөн сайын мен сизди жек көрүүнүн ордуна сыйлап баратам. Сиз жана сиздин командаңызга – ал бир нече эле адамдан тураарын уктум – зыянкечтер менен болгон жеңил эмес күрөштө ийгилик каалайм.
Менде ушуга чейин мындай болгон эмес, каршылашымды изилдеп жатып, өзүм да сыйлап баштадым.
Ушул эки ай ичинде мамлекеттик төңкөрүш алдында кызмат көрсөтүү боюнча контрактка кол коюп, бул жакка жөн жерден келбегенимди түшүндүм. Контракт таң калыштуудай кызыктуу эле, заказ берген тарап сизге эмес, сиздин жакындарыңызга сокку урууну талап кылышты, сизди өмүрүңүздүн аягына чейин кайсы жерде болбосун, алардын кыйналган үнү, онтогону, жардам сураганы кулагына угулуп, кайгыга баткыдай болсун дешти.
Ишмердүүлүгүмдө бир да жолу мындай контракт болгон эмес, ошондуктан мага кызыктуу болду, анын үстүнө гонорар дагы өтө жакшы баада, ошентип, контрактка кол коюп, жалпы суммадан 25 пайызын алдым. Мага 6 адам заказ берди, алардын баары европалыктар жана азияттар, алар дүйнөдөгү эң таасирдүү адамдар. Мени жалдаган адамдар кыязы, сиз жазалаган адамдардан өзүнүн үлүшүн алып турушкан окшойт, ал адамдар жөн жерден эле кереги жок жакка башын тыкпайт, демек, аларда жалпы кызыкчылык бар, бирок мунун баары мага керек эмес, мен сизге келечекке маалымат катары эле айтып жатам. Алар жөн жерден бирикпесе да керек.
Мага сиз жакыным жана кымбатым деп эсептегендердин баарына сокку уруу тапшырмасы берилген, бир гана сиздикине эмес, бардык күч органдарынын жетекчилеринин жакындарына, бул эң оңой нерсе, бир нече район жана айылдарга улуттар аралык жаңжал салып, өлүм коштотуп койсоң жетиштүү. Бул үчүн менде ар кайсы улуттагы 65 жоокер бар, алардын баары кеңири профилдеги адистер, алар дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө бир нече жолу согуштук сапарларда болуп келишкен. Массалык башаламандыкты жергиликтүү демилгечил уюштуруу топтору улап кетмек, мен аларга алдын ала качан башталаары тууралуу сигнал бермекмин. Буга абдан чоң суммадагы акча салынган, бир гана сизди жана сиздин жолдошторуңузду бийликтен кулатуу үчүн. Аларды бир гана ийгиликтүү операция кызыктырат жана аягында мыкты гонорар берүүнү убадалашкан. Алардын баары ок атуучу куралдардын баары менен тааныш, жардыруучу техниканы да жакшы өздөштүрүшкөн.
Сиздер бийликке келгенден тартып мамлекетте баары жакшы жагына өзгөрө баштады.
Шаарлардагы инфраструктуралардын жакшылышы, элдин социалдык камсыздоонун жогорулашы, өндүрүштүн көбөйүшү – мунун баарын мен сиз тууралуу маалымат чогултуп жатканымда элден уктум.
Мен гүлдөп бараткан мамлекеттин кыйратуучусу болгум келбейт, кылган иштери үчүн татыктуу жазасын алышсын.
Кошумча сиздер бардык күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин шаардыктардын жана айылдыктардын арасына жайылтыңыздар, ошондо сиздерде элден кошумча маалымат булагы пайда болот.
Ошондой эле бардык курулуш компаниялар мамлекеттик болууга тийиш, ошондо турак жайлардын аяттарынын эсебинен мамлекетке чоң киреше агылат жана жерди да үнөмдөйсүздөр.
Сиз азыр бардык уурдалгандарды кайтаруудасыз, бул жеңил эмес.
Мен эч убакта өзүмдүн планымды бөлүшкөн эмесмин.
Бирок мен сизге бардык пландарымды ачык айтам, кырдаалды толугу менен өзүм изилдеп, билгенден кийин мени каражат кызыктырбайт. Сизди жөнөкөй эл комиссар Каттаниге теңешүүдө.
Менин бир гана миллиардка тете суранычым бар, мен талап кылбайм, болгону аткарууңузду суранам, эгерде баш тартсаңыз мен кетем, ордума башка келет же бул жерде менин артымдан көзөмөлгө алышат, мындай жооптуу ишти бир нече адам даярдаарын билесиз, балким мени далыга сайып, кайсы бир жерге көмүп коет, аткарылбаган контракт үчүн. Мен балким, өзүмдүн жашоомду жашап бүттүм, сизди эл, туугандарыңыз, балдар кандай кубанып тосуп алганын көрүп, көзүмдөн жаш акты, мен сизге жана сиздин саясатыңызга тоскоол болгум келбейт. Сиз мени өзгөрттүңүз.
Сиз менин суранычымды орундатаарыңыз менен сизге документтердин толук пакетин жана эсептердин тизмесин жана миллиард долларлык баалуу облигациялардын жайгашкан жеринин дарегин берем, балким андан да көптүр, мен барган жокмун, Кыргызстандын криминал дүйнөсүнүн жашыруун кенчин көргөн жокмун, менин гонорарым ушул болчу. Ал жер кайда экенин бир гана мен жана анын координатын мага берген адам гана билет.
Кардарларымдын арасында Чыныбай Ахунович дегендин жесири бар, сиз андан алган, тактап айтканда, тартып алгандардын баарын 10 күндүн ичинде кайтарып бериңиз, бул кадамыңыз биздин келишим катары болсун, эгерде менин жалгыз өтүнүчүмдү аткарбасаңыз, анда көптөгөн бейкүнөө адамдардын каны төгүлөт.
Мен бул жерде, сиздин шаарда күчтүү каршылаштарыңыз менин сигналымды гана күтүп турушканын билем.
Эгер сиз менин суранычымды аткарсаңыз, анда мен убакытты создуктурам жана сизге окуянын толук чечмеленешин берем, сиз аларды талкалайсыз, а мен отчетумда бир гана кардардын тапшырмасын аткарууга үлгүрдүм деп көрсөтөм.
А беркилерди өздөрү шек берип коюшту деп билдирем, сиз миллиардга акцияны да алыңыз, мен отчетумда жергиликтүү бейбаштар баалуу кагаздар жашырылган жайда сиздин колуңузга түштү деп айтам. Мындай чоң операцияны экинчи жолу даярдашпайт, анткени мен заказ бергендерди сиз менин планыма макул болооруңузга ынандырдым, майрамдарда башаламандыкка чагымчылдык кылбоого көндүрдүм, анткени баары жакшы өтөт дедим, ошондуктан менин талабымды аткарууңузду суранам.
Мында мен өз репутациямды жоготпойм жана сиз дагы эч нерсе жоготпойсуз, утушта болосуз.
Макулдуктун белгиси мындай болот: борбордук аянттын желек илинип турган тарабына өрт өчүргүч машинаны бир күн кечке токтосуз жана түшкө жакын өзүңүзгө Чыныбай Акуновичтин жесирин чакыртасыз жана ага түшүнбөөчүлүк болуп кетти деп, конфискациялангандардын баары 10 сутканын ичинде кайтарылат деп айтасыз. Канчалык эрте кайтарсаңыз, менден да ошончолук эрте аласыз. Дагы бир нерсе – катты алгандан кийин сизде толук 24 саат убакыт бар, окугандан соң дароо жок кылыңыз, конверт 2 жеринен мом пломба менен жабылат, 2 кылымдык тарыхый мөөр, ошондуктан 4 мөөр болот.
Ал сиз жөнүндө билбейт жана билбеши керек. Анан дагы аягында ага айтыңыз (Ч.Акуновдун жубайына – ред.) - “парламентёрдон салам”. Ушинтип айтыңыз сураныч, сизден оң жооп күтөм.
Биздин бардык кыйынчылыктарыбыз кан төгүлбөй чечилиши үчүн мен сиздин гумандуулугуңузга ишеним артам жана сиздин акыл-эстүү чечим кабыл алаарыңызга ишенем.
Бул кат тууралуу менин адамдарым билбейт жана эч ким билбеши керек, абдан суранам. Кийин баарыбызга кыйын болбошу үчүн менин сунуштарымды ойлонуп көрүңүз, суранам. Дагы бир жолу айтам – сиздерди жана сиздердин саясатты кулатуу үчүн өтө чоң суммадагы акча коюлган, баары сизден жана менден көз каранды, суранам, туура чечим кабыл алыңыз. Мени колдооңузду өтүнөм жана биз биргеликте тынчтыкты сактап калабыз.
Каталарым үчүн кечириңиз, менин улутум орус эмес.
Урматтоом менен парламентёр".