"КР УКМК Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев активист Тилекмат Куренов менен жолугушуу максатында Бириккен Араб Эмираттарына барган факты боюнча КР УКМКга суракка чакырылганын кабарлайт.

Аны мындан ары жоопкерчиликке тартуу менен алардын жолугушуусунун себептери такталууда.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди атайын кызмат. 

Эске салсак, чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык активист Тилекмат Куренов бир күн мурда Жамгырчиев аны алдоо жолу менен Дубайга чакырып, ал жактан паспортун уурдап, өзүн полицияга салып бергенин жарыялаган. 

Бүгүн ага жооп кылып Жамгырчиев Дубайга барганын тастыктап, бирок калган дооматтарды четке каккан. 

Быйыл УКМК Жамгырчиевге «мыйзамсыз чек арадан өтүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Анын жыйынтыгында депутаттык мандатынан ажыраган. Учурда анын иши Биринчи май райондук сотуна каралууда жана ага эч жакка кетпөө бөгөт чарасы коюлган.