Маркумду акыркы сапарга узатууда ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмү жергиликтүү тургундар менен жолугушуу уюштурду.
Ош облустук милициядан кабарлашкандай, иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү, Ош ОИИБдин башчысынын орун басары Эрнис Бекташев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана жашоочулар катышты.
Анда өлкө башчысы Садыр Жапаровдун "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгынын аткарылышы боюнча маселе каралды.
Элге аталган жарлыкта белгиленген тартипте ишке ашыруу керектиги айтылып, сөөктү жерге берүүдө, маркумга арнап аш берүүдө жана башка ушул сыяктуу мааракелерде ашыкча чыгымдарды кыскартуу жана ысырапкерчиликке бөгөт коюу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Эске салсак, мындай багыттагы иш-чаралар облус аймагындагы бардык райондордо өткөрүлүп жатат.