Жакында бозгун активист Тилекмат Куренов соцтармактагы баракчасына мурдагы депутат Эмил Жамгырчиевдин саткынчылыгына кабылганын жазган. Анын айтканына таянсак, Жамгырчиев АКШдагы Куреновду Дубай жолугушууга чакырган жана ал турмак учакка билет дагы сатып берген. Андан соң Дубайда ал активистти полициянын колуна салып берип, Кыргызстанга экстрадациялоого аракеттенген.
Бирок мурдагы депутат Эмил Жамгырчиев мындай дооматтарды четке кагып "кыянаттык кылуу - жигиттик эместигин" белгиледи.
Айтымында, Тилекмат менен байланышта болуп турган.
"Үй-бүлөсү кыйналып жатканын айтып, жардам сураганда жок деген эмесмин. Акыркы жолу кызы ооруп жатканын айтып, дагы кайрылды. Буга чейин деле Жараткандын сүйүктүү пенделери болгон өзгөчө балдарга кол сунуп келгем жана кол суна берем, Тилекматтын кызы да өзгөчө балдардын катарында экенин укканда жок дей алган жокмун. Атам ооруп жаткандыктан чет жакка чыгарымды айтсам, Бириккен Араб Эмираттарына билет алып берүүмдү суранып, ошол жактан кызына каржы жагынан жардам бере ала турган адамдар менен тааныштырып коюумду өтүндү. Дубайдан жолукканыбыз чын, колумдан келген жардамымды берип, чогуу тамактандык.
Көп өтпөй “Дубайда жүргөн видеоңду коомчулукка чыгарам, дагы акча бересиң” деп талап коюп баштады. Көрсө, буга чейинки сүйлөшүүлөрдү жаздырып, жолукканыбыздан бери видеого түшүрүп жүргөн экен. Бул Болот экөөнүн алдын ала даярдаган сценарийинин бир бөлүгү экенин эми билип отурам.
Тилекмат менен Болоттун “паспорт уурдап кетти, сурак берип чыктым” деген жалган маалымат таратып, упай топтойбуз деген спектали суу кечпейт. Себеби БАЭ менен Кыргызстандын ортосунда кылмышкерлерди экстрадициялоо тууралуу келишим жок. Менимче, бул билдирүүмдөн кийин эл өзү таразалап алат", - деп жазды мурдагы депутат.
Аны менен катар Жамгырчиев "Тилекматты бийликке каршы үгүттөбөгөнүн, жөн гана адам катары жардам кылганын" белгилеген.
Бул боюнча Тилекмат Куренов азырынча жообун жарыялай элек.