Бүгүн, 20-ноябрда эртең менен саат 4.53 чамасында Баткен облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, жер силкинүү Лейлек районунун Лейлек, Кара-Суу, Коргон айылдарында жана Баткен районунун Рават айылында 3,5 балл тегерегинде байкалган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жабырлануучулар жана кыйроолор жок.