Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-ноябрда, борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын улуттук курама командаларынын ортосундагы футбол беттешин көргөнү барды.

Беттеш 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунун алкагында өттү.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Иранга 2:3 эсебинде утулуп калды.