Бүгүн Бишкекте Кыргызстан-Иран футболдук беттешине байланыштуу эки көчө жабылат. Саат 14:00дөн баштап оюн аяктаганга чейин эки көчөдө унаа кыймылына чектөө киргизилет:

- Фрунзе көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин;
- Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин жабылат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жолго чыгарда багыттарын алдын ала пландап алууну эскертет.

Бүгүн, 19-ноябрда Кыргызстандын курама командасы 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү тандоо раундунун алкагында Ирандын курамасы менен ойнойт.

Оюн борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.