17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо болду. Ага Азербайжан, Беларусь, Грузия, Индия, Казакстан, Молдова, Монголия, Россия, Түркия жана Өзбекстандан келген бир катар эл аралык байкоочулар мониторинг жүргүзүштү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 54 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткөн.

Мирвохид Азимов, Түрк Мамлекеттери Уюмунун башкы катчысынын орун басары: 

- Биз Бишкек жана Кант шаарындагы бир нече шайлоо участокторуна барып үлгүрдү. Соңунда шайлоонун жыйынтыгына таасир эте турган олуттуу көйгөйлөр аныкталган жок. Эми ал мындан ары өлкөнүн өнүгүшүнө, кыргыз коомунун биримдигине, түрк дүйнөсүнү боордоштугун чыңдоого жардам берээрине ишенебиз. 

 Адаму Баубакар, Ислам Кызматташтык Уюмунун миссиясынын башчысы: 

- Шайлоо мыйзамга ылайык жана тынч өткөнүн белгилегим келет. Бардык кадамдар эл аралык стандартка дал келди. Шайлоо процессине улгайган адамдар өзгөчө маани беришкенин белгилегим келет. Анын ичинен добущ берүүгө келгендердин көбү аял кишилер экенин да байкадым. Андыктан жаштарды да өлкө келечегине кайдыгер карабай, мындан аркы шайлоо өнөктүгүнө активдүү катышууга чакырат элем. 

Шаитдин Алиев, Азербейжан БШКсынын мүчөсү: 

- Бардык шайлоо тилкелери эртең менен убагында ачылып, кечинде убагында жабылды. Ар бир комиссиянын мүчөсү өз ишин так билет. Жаңы жабдыктар менен иштөөнү алдын ала үйрөнүшкөн экен. Биз менен чогуу жергиликтүү байкоочулар да отурушту. Кайдан келдиңер деп сурасак, алар ошол шайлоого катышкан партиялардын өкүлдөрү болуп чыкты. Мындан улам бардык жерде ачыктык болуп, баарына бирдей шарт түзүлгөнүн байкадык.