«Евразия Групп» компаниясы Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында жаңы тигүү фабрикасын расмий түрдө ишке киргизди. Бул АКШ өкмөтүнүн АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу көрсөткөн колдоосунда ишке ашты. Ишкана жергиликтүү деңгээлде 600 жумушчу орундарын түзүп, Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк рыноктордогу катышуусун кеңейтет деп күтүлүүдө.
Ишкананын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Сара Верт катышты.
Тигүү фабрикасы жалпы инвестиция көлөмү 27 млн. АКШ долларын түзгөн ири текстиль жана тигүү комплексинин бир бөлүгү болуп саналат. «Евразия Групп» жаңы ишканага 3,4 млн. АКШ долларынан ашык инвестиция жасады, ал эми USAID продукциянын сапатын жакшыртуу, натыйжалуу өндүрүш процесстерин жана веб-сайтты түзүү, жана фэшн хакатонун уюштуруу максатында техникалык жардам көрсөттү.
Фабрика толук кандуу ишке киргенден кийин продукциясын Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкага, Европа Биримдигине жана КМШ өлкөлөрүнө экспорттоону пландаштырууда. Азыркы учурда ишкана 160тан ашык тигүүчүнү иштетип, өндүрүшүн активдүү кеңейтүүдө.