"Казак" каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Египетте кармалып, Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Анда айтылгандай, буга чейин "Казак" лакап аты менен таанымал М.У. аттуу жаран оор кылмышка шектелип, Интерпол кызматы тарабынан издөөгө алынган.
Ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турат.
2024-жылдын октябрында Интерполдун кызматкерлери тарабынан изделип жаткан жаран Египетте кармалган. Компетенттүү органдар тарабынан аны экстрадициялоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн.
Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери тарабынан кармалган "Казак" лакап аты менен таанылган М.У. аттуу жаран Ош шаарына жеткирилген.
Кылмышкерди кармоого Египет Интерполунун кызматкерлери активдүү көмөк көрсөтүштү.