Жогорку Кеңеште эт комбинаттарын ишмердүүлүгү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Ага ылайык, жандык сатуу үчүн союлса, ал сөзсүз эт комбинаттарында союлушу керек. А эт комбинаттары өз кезегинде ветеринардык кызматтын каттоосунан өтөт. 

Демилгеси тарап - Айыл чарба министрлигинин билдиришинче, мындай кылуу этти сатуу тармагын жакшыртат, ошондой эле калктын ден соолугуна көрүлгөн камкордук болот. Анткени базарга ылаңы бар малдардын эти чыгып кеткен да учурлар болгон. 

Бирок депутат Балбак Түлөбаев буга каршы чыкты. 

"Мен мисалы, Тон районунда жашасам, мал сатып тиричилик кылсам, анда Каракол шаарына касапканага алып барышым керек экен да. Ошондо мен жолго чыгым кетирем. Бишкекке ал эт келип 700 сомдон сатылат, болбосо 480 сомдон эле сатыла турган болчу. Бул мыйзам майда ишкерчиликти, айыл чарба фермерлерин туңгуюкка такайт жана эттин кымбаттоосуна алып келет", - деген депутат "силер элдин эмес, бизнестин кызыкчылыгын көздөп жатасыңар", - деди Айыл чарба министрлигине кайрылып.