Улуттук банк Бишкекте бир микрокредиттик компанияга жана эки жаранга айып салды. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти. 

Айып салынгандардын биринчиси -  Бишкек шаарында Улуттук банктан лицензия алуусуз нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Ш.у.Р. аттуу КР жаранына 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Экинчиси - Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир микрокредиттик компанияга 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Үчүнчүсү - Бишкек шаарында Улуттук банктан лицензия алуусуз нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (Э.у.Б.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.