Чүй облусунда психотроптук зат алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери болжол менен 35-40 жаштардагы Равш аттуу жаран, ошондой эле ири өлчөмдөгү баңги затын Кыргызстандын аймагына ташып сатуу каналын түзгөн белгисиз адамдар тууралуу маалыматты текшерүүгө алышкан.
Көп өтпөй БМЖКК кызматкерлери Чүй облусунун аймагында коомдук транспортто 1986-жылы туулган И.Р.Х.ны кармашкан. Тинтүү учурунда анын жанынан скотч менен оролгон 36 кызыл брикет табышкан.
Кылмыштуу ниетти ишке ашыруу жана психотроптук затты сатуу менен И.Р.Х.нын мыйзамсыз кирешеси 310 миң сомдон ашкан. Ошентип, өлкө боюнча мефедрондун 432ден ашык дозасынын таркашына бөгөт коюлду.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо аракеттери жүрүп жатат.