Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Тепке айылындагы №3092 шайлоо участогу бүгүн 8.00дөн баштап жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоого добуш берүүнү баштады. 

Кечээ, 17-ноябрда аталган шайлоо участогунда техникалык мүчүлүштүктөр орун алган. Андан улам саат 16:00гө карата дагы бир дагы шайлооочу добуш бере алган эмес. 

Буга байланыштуу БШК №3092 шайлоо участогунда добуш берүүнү 18-ноябрь, саат 8.00дөн 20.00гө чейин жылдырган.