16-ноябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин Аксы районундагы иш сапары Ак-Жол айыл аймагында жыйынтыкталды.
Тагыраагы Төрага аталган айыл аймактын Жаңы-Жол айылына салынган бала бакчанын ачылышына катышты.
Алсак, аталган бала бакчанын курулушу көп убакыттан бери бүткөрүлбөй келген. Натыйжада СASA-1000 долбоору аркылуу курулуш иштери уланып, 100 орундуу бала бакча ишке берилүүдө.
Жергиликтүү эл менен жолугушууда Төрага иш сапарынын алкагында көптөгөн жакшы саамалыктарга күбө болуп жатканын айтып, ачылып жаткан жаңы бала бакча мунун анык мисалы экенин кошумчалады.
“Аксынын Ак-Жол айыл аймагы эзелтен атактуу инсандары, айрыкча чыгармачыл уул-кыздары менен таанылган. “Аккан арыктан суу агат” - дегендей, мындан ары да жаратман элдин ичинен кыргызга кызмат кыла турган жарандар арбын чыгарына терең ишенем. Андыктан, ачылып жаткан бала бакча балдарыбыздын келечегин түптөгөн куттуу жайга айланып, элибиз үчүн эмгектенген кеменгер инсандар өсүп чыккан бала бакча болсун”, - деди Нурланбек Шакиев.
Муну менен катар жаңы бала бакчанын жамаатына ийгиликтерди каалаган Төрага балдардын жакшы таалим-тарбия алышында тарбиячылардын жана агартуучулардын ролу чоң экенине токтолуп, аларды жигердүү эмгектенүүгө чакырды.
Андан тышкары, мамлекетте жүргүзүлүп жаткан реформаларга да учкай токтолгон Нурланбек Шакиев аны ичинен социалдык мекемелердеги кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатууга, жөлөк пулдардын жана пенсиялардын көлөмүн көбөйтүүгө көп көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
“Жогорку Кеңеш кийинки жылдын бюджетин 705 млрд сом деп бекитип жатабыз. Бул иштин аркасында талбаган аракет, көптөгөн эмгек жана тобокелдикке салынган чоң реформалар турат. Мындан ары да туура экономикалык саясаттын жана саясий туруктуулуктун натыйжасында алгылыктуу иштер жасалып, аймактарды өнүктүрүү багытында да ири реформалар ишке ашырылат” - деген Нурланбек Шакиев өлкөдөгү демографиялык жагдайга да учкай токтолду. Тагыраагы жарандарды көп балалуу болууга шыктандырган программалар иштелип чыгып жатканын, ага ылайык алтыдан көп балалуу үй-бүлөлөргө акчалай жардам көрсөтүлөрүн маалымдады.
Мындан тышкары, аймактардагы социалдык мекемелерде, айрыкча саламаттыкты сактоо жайларында кадр жетишсиздиги курч экенин эске салган Төрага: “Мындай көйгөй Аксы районунда да бар. Жаш адистер келбей, пенсия курагынан өткөн дарыгерлер иштөөгө мажбур. Бул маселени чечүү боюнча мамлекет ар тараптуу аракеттерди көрүүдө. Бирок жетишсиз болууда. Буга байланыштуу жеке мен Кербендеги борбордук ооруканага Бишкек шаарында эмгектенип жаткан аксылык жаш дарыгерди кадырымды салып, суранып жатып башкы дарыгер катары алып келдим. Мындай тажрыйба мамлекеттик деңгээлде жасалып, жаш кадрларды аймактарга тартуу боюнча атайын мыйзамдар жана программалар иштелип чыгышы керек. Элет өнүкпөсө өлкө өнүкпөйт. Андыктан, ар бир жаранды айылга көңүл бурууга, айрыкча жаш адистерди өз жеринде иштеп, мамлекеттин алдыга жылуусуна салым кошууга чакырам”, - деди.