Ош шаардык кеңешине алдын ала жыйынтыктар боюнча 5 пайыздык шайлоо босогосунан 5 партия өттү. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Ал белгилегендей, алдын ала жыйынтыктар боюнча, 5 пайыздык шайлоо босогосунан:
- “Жаңы Кыргызстан” – 43,36 %;
- “Ынтымак” – 20,02%;
- "Мурас" – 15,15%;
- "БИР БОЛ" – 9,75 %
- "Милдет" – 10,43 % добуш менен ашкан.
Ал эми Ош шаарында шайлоочулардын 1,33 пайызы баарына каршы добушун берген.