Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого республика боюнча саат 12:00гө карата 343 миң 11 жаран катышканын БШКнын төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеев билдирди.

Айтымында, бул жалпы шайлоочулардын 8,3 пайызын түзөт, өлкө боюнча 4 млн 135 миң 39 шайлоочу катталган.

Ал белгилегендей, саат 12:00гө карата маалымат боюнча, шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого 126 миң 967 жаран катышты, бул 7,84 пайызды түздү. Ал эми айылдык кеңешке депутаттарды шайлоого 216 миң 44 жаран добуш берди, бул 8,59 пайызды түзөт.

Аралыктан добуш берүүдө 2 миң 652 жаран шайлоого катышты. Бул 29,3 пайызды түзөт.