Өлкө боюнча аралыктан добуш берүү үчүн 10 шайлоо тилкеси уюштурулган жана андагы шайлоо процессинин жүрүшүн БШКда онлайн байкоого болоорун БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жүрүшү тууралуу маалымат берип жатып билдирди.
Ал Кыргызстандын 6 облусунда жана Бишкек шаарынын 4 районунда аралыктан добуш берүүгө онлайн арыз бергендер добуш беришерин белгиледи.
Айтымында, онлайн байкоодон тышкары бардык шайлоо тилкелеринде видео байкоолор орнотулган. Эгерде талаш жагдай жаралып калса, видеонун көчүрмөсүн алып кароо мүмкүнчүлүк болот. Добуш берүү саат 08:00дөн 20:00гө чейин уланат.
Аралыктан добуш берүү үчүн өлкө боюнча 9 миңден ашык жаран катталган. Алардын ичинен 4 миң 879 шайлоочу Бишкек шаарынан катталган жана 70 пайызын 18 жаштан 35 жашка чейинкилер түзөт.