Ысык-Көл облусунда 249 шайлоо тилкеси иштеп жатат.

Бүгүн, 17-ноябрда облус башчысы Уланбек Далиев жубайы менен Жети-Өгүз районундагы №3172 шайлоо участкасына келип, добуш берди.

Бул тууралуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча жергиликтүү кеңештин шайлоосуна 19 саясий партия 25 кеңештеги 625 мандат үчүн ат салышат.

Шайлоого 346 миңден ашуун шайлоочу катышаары күтүлүп жатат. Жалпы 249 шайлоо участогу уюштурулган.