"Социал-демократтар" саясий партиясынын лидери Темирлан Султанбеков кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБи билдирди.
Маалыматка караганда, ал КР Кылмыш жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгү - "добуш сатып алууга" шектелүүдө.
Кылмыш ишинин алкагында аталган партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина, А.Р., А.Н., С.Б., А.К., Ч.Д., Н.Н., Т.Р., А.Б. жана Султанбеков суракка алынган. Алардын арасынан Карамушкина, Султанбеков жана Т.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө амалдары уланууда.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда жогоруда аты аталган партиянын мүчөлөрүнүн добуштарды сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрү тараган.