Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Академиясы 2025-2026 окуу жылына курсанттарды кабыл алууну жарыялайт! Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Талапкерлерге коюлуучу милдеттүү талаптар:

* жашы 17-21 жашка чейин;
* бою 170 см жогору;
* салмагы кеминде 60 кг;
* билими, орточо баллы 4,0 төмөн эмес (окуудагы жетишкендиги жөнүндө табель) толук орто билими жөнүндө аттестат же кесиптик орто билими жөнүндө диплому;
* өзү, анын ичинде жакын туугандары сот жообуна тартылбаган; 
* өзүнүн, анын ичинде жакын туугандарынын чет мамлекеттин жарандыгынын жоктугу.

Аңгемелешүүдөн өткөн талапкерлер, тандоо сынактарынын төмөнкү этаптарына киргизилет:

- дарыгерлердин күбөлөндүрүүсүнөн өтүү;
- дене-тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу;
- психофизиологиялык  күбөлөндүрүүдөн өтүү (IQ-тести);
- полиграфты колдонуу менен атайын психофизиологиялык изилдөө жүргүзүү;
- кирүү экзамендерин тапшыруу.  
    
Аймактарда жашаган талапкерлер төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

- Бишкек шаарынан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Жибек-Жолу көч., 322-үй, тел.: 0 (312) 66-04-75;
- Чүй облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Кийизбаев көч., 206-үй, тел.: 0 (312) 54-07-19; 
- Ош шаары жана Ош облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Ош ш., Баялинов көч., 5-үй, тел.: 0 (3222) 7-32-32; 
- Жалал-Абад облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Жалал-Абад шаары, Байзаков көчөсү, 53-үй, тел: 0 (3722) 5-60-49; 
- Баткен облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Баткен ш., Курманжан Датка көч., 15/2-үй, тел.: 0 (3622) 5-00-33; 
- Талас облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Талас шаары, Карл-Маркс көчөсү, 27-үй, тел.: 0 (3422) 5-20-43; 
- Нарын облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Нарын шаары, Ленин көчөсү, 86-үй, тел.: 0 (3522) 5-04-19; 
- Ысык-Көл облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча маектешүү жүргүзүлөт: Каракол шаары, Кутманалиев көч., 148-үй, тел.: 0(3922) 5-11-80.

Окууга документтерди кабыл алуу күнү жөнүндө кошумча маалымат берилет.

Кененирээк маалыматты www.gknb.gov.kg расмий сайтынан алууга болот.