Жергиликтүү кеңештерге шайлоого аттанган талапкерлердин арасынан 30у уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы болгону үчүн жарыштан четтетилди. 

Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

Ал ошондо деле тизме 100 пайыз тазаланды деп айтуу мүмкүн эместигин белгиледи. 

"17-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот. Мамлекет тарабынан биз бардык маселелерди чечүүгө - шайлоону таза өткөрүүгө, талапкерлерди, партияларды текшерүүгө аракеттендик. Мамлекет бардык шарттарды түздү, административдик ресурс колдонулбайт, мамлекет кайсы бир партия тарапта болбойт. Эл өзү тандап, добуш берсин", - деди Камчыбек Ташиев.