Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер алдыда боло турчу жергиликтүү шайлоого аралашпашы керектигин эскертти. 

"Эгерде араңарда ким бирөө кайсы бир партияны колдоп же үгүт иштерине аралаша турчу болсо, жоопкерчиликке тартылат. Кимге кааласаңар ошого добуш бергиле, бирок партияга үгүт жасабагыла. Бул мыйзамдын талабы. Биз шайлоону мыйзамдуу өткөрүүнү каалайбыз", - деди Ташиев. 

Ал белгилегендей, мындан ары бардык шайлоолор, парламенттик да, президенттик да шайлоо ушундай өтөт, ар бир шайлоодо эл өзү татыктууну тандашы керек. 

"Буга чейин кандай шайлоолор, анда кандай мыйзам бузуулар болгонун билесиңр. Бийлик анын баарына көзүн жумуп койгон. А биз көздү жума албайбыз, күнөөлүүлөрдү жоопко тартабыз", - деди Ташиев.