Бүгүн, 13-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгында жогорку окуу жайларынын жетекчилери, шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, мектептердин жана балдар бакчаларынын директорлору менен жолугушуу өткөрүлдү.
Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматка караганда, жолугушууга ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын, Ош шаардык прокуратурасынын, УКМКнын өкүлдөрү катышты.
Анда окуучулардын коопсуздук ченемдерин жана эрежелерин катуу сактоо, билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин эмгек ишмердүүлүгү, аталган тармакта коррупциянын алдын алуу жана болтурбоо боюнча маселелер талкууланды.