Бүткүл дүйнөлүк кант диабети менен күрөшүү күнүнө карата Кыргызстанда калкка түшүндүрүү иштеринин бир айлыгы башталды. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору билдирди.
Диабет күнү жыл сайын 14-ноябрда белгиленет.
Катышуучулар дене салмагынын индексин, белдин көлөмүн өлчөп, тобокелдик деңгээлин аныктоо үчүн FINDRISC анкетасын ала алышат. 40 жаштан ашкандар жана коркунучу жогору болгондор (15 же андан көп балл) канттын деңгээлин өлчөө үчүн кан тапшырышат.
Борбордун адистери белгилегендей, кант диабети сокурдуктун, бөйрөктүн жетишсиздигинин, инфаркттын, инсульттун жана ылдыйкы буттун ампутациясынын негизги себептеринин бири болуп саналат.
Туура тамактануу, үзгүлтүксүз физикалык көнүгүү, дени сак дене салмагын сактоо жана тамеки чегүүнү таштоо 2-типтеги диабеттин пайда болушун алдын алууга же кечиктирүүгө жардам берет.
Дагырлер белгилегендей, кант диабетин дарыласа болот, туура тамактануу, физикалык активдүүлүк, дары-дармек жана үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү анын кесепеттерин алдын алууга же кечиктирүүгө жардам берет.