Бүгүн, 13-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «2024-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Кадимки операциялар [жеңилдетилген]) (Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы – 1-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) (Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы – 1-чакан программа) ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды. 

Мыйзам долбоорун Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы Улан Примов тааныштырды. Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө бюджеттик колдоо көрсөтөт. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети бул каражаттарды экономиканын тармактарын колдоого багыттоо боюнча алдын ала чечимди кабыл алган.

Ошондой эле жыйында «2024-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ысык-Көлдү экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү» долбоорун каржылоо боюнча Кредиттик жана Гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоого ээ болду. 

Демилгечи - Министрлер Кабинетинин төрагасы. 

Мыйзам долбоору Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарындагы саркынды сууларын тазалоочу системаларын куруу, экологиялык абалды жакшыртуу жана туризмдеги маселелерин чечүү максатында иштелип чыккан. Бул милдеттерге жетишүү үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 56 миллион АКШ доллары көлөмүндө каражат тартуу пландалууда, анын ичинен грант - 31 миллион АКШ доллары, кредит - 25 миллион АКШ доллары.