Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Ажибаев Баткен облусундагы Лейлек районуна мектеп автобусу берилбегенин билдирди.
Ал белгилегендей, буга чейин Министрлер Кабинети аймактарга мектеп автобустарын бөлүштүргөн.
Ал Билим берүү жана илим министрлигине кайрылды:
"Гранттарды бөлүштүрүү жүргөндө, дайыма чындап муктаж аймактар эске алынбай калат. Мамлекет башчы, УКМК төрагасы Баткен облусундагы эки районго абдан көңүл бурушууда. А сиздер алардын саясатына каршы иш жасап жатасыздар. Ал райондор алыскы райондор, кайрадан бөлүштүрүүнү карап чыгып, мектеп автобустарын бериңиздер".